ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН

БАНК СИСТЕМАСЫ

Мамлекеттик жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Банк системасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан жана коммерциялык банктардан турат. Банк ишмердиги «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдар менен жөнгө салынат.

Улуттук банк Кыргыз Республикасына тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын борбордук банкы болуп саналат. Улуттук банктын функциясы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кыргыз Республикасында акча-насыялык саясатты аныктоо жана ишке ашыруу;
  • Банктык жол-жоболордун бардык түрүнө лицензияларды берүү;
  • Анын ичинде чет өлкөлүк валюта менен операциялар үчүн жетектөөчү принциптерди чыгарууну кошуп, чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууну, сатууну жана алмаштырууну валюталык жөнгө салуу;
  • Дагы башка функциялар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктар.

Каттоо жана Лицензия берүү

Банк акционердик коом (ачык же жабык) катары гана түзүлөт жана иштей алат, ал эми анын уставдык капиталынын өлчөмү 600 млн. сомдон кем эмес (болжол менен 9 млн.АКШ доллары) сумманы түзүшү керек. 2016-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн банктардын минималдык уставдык капиталы 400 млн. сом өлчөмүндө, ал эми 2017-жылдын 1-июлунан кийин түзүлгөн банктардын минималдык уставдык капиталы 600 млн. сом болушу керек.

Лицензиялоого жаткан банк операциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Депозиттик операциялар;
  • менчик же зайымдык каражаттарды инвестирлөө;
  • жеке жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү;
  • корреспонденттик мамилелерди өз алдынча орнотуу; кардарлардын жана банк-корреспонденттердин талабы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
  • аларга кассалык кызматтарды көрсөтүү; кредиттик жана дебиттик карталарды кошуп, төлөм аспаптарын (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка аспаптарды) чыгаруу, накталай акчага айландыруу, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо;
  • карыздарды сатып алуу жана сатуу (факторинг); вексель жана алардын конфискациялары; карыздык баалуу кагаздарды (депозиттик сертификаттарды, облигацияларды, векселдерди) чыгаруу ;
  • финансылык лизинг жол-жоболорун аткаруу; банктык кепилдиктерди берүү; алдыртан төлөө картасы түрүндөгү электрондук акчаларды колдонуу менен акыга кызмат көрсөтүү.

Тиешелүү лицензияларды берүү укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тиешелүү.

Чет өлкөлүк банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен Кыргыз Республикасында өз өкүлчүлүктөрүн, филиалдарын жана биргелешкен ишканаларды түзө алышат. Чет өлкөлүк банктардын филиалдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында лицензия алуулары керек.

Банктарга стандарттык талаптар

Улуттук банк стандарттык талаптарды, анын ичинде капиталга жана резервдик фондуларга минималдык талаптарды белгилейт. Улуттук банк, ошондой эле, коммерциялык банктардын Улуттук банктын макулдугу менен дайындалуучу кызмат адамдарына (төрага жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү, төрага жана төраганын орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү, аудит боюнча комитеттин төрагасы, насыя берүү бөлүмүнүн начальниги, башкы бухгалтер жана ички аудитор) карата милдеттүү талаптарды белгилейт

Ата мекендик банктарга бардык талаптар, анын ичинде минималдык уставдык капиталды, минималдык резервдик фондуну жана башка талаптар дагы чет өлкөлүк үлүшү бар банктарга дагы жайылтылат.

Жоюу жана кайра уюштуруу

Банк жоюулушу же анын банктык лицензиясынын пикиринин натыйжасында Улуттук банк тарабынан соттун тиешелүү чечими боюнча же банктын өз эрки менен чечими боюнча кайра уюшулушу мүмкүн.

Банктык сыр

Банктык сырды түзгөн маалыматты ачуу «Банктык сыр жөнүндө» жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдар менен жөнгө салынат.

Төмөнкү маалыматтар банктык сыр болуп эсептелет:

  • Кардарлардын эсептери жана депозиттер тууралуу маалымат;
  • Кардардын суроо-талабы же кардардын кызыкчылыгы боюнча аткарылуучу транзакциялар/операциялар жөнүндөгү маалымат;
  • Кардар менен мамиленин жүрүшүндө банк ала турган кардар тууралуу маалымат.

Банктар маалыматты бере алат (Улуттук банктан сырткары):

  • иликтөө органдарына (прокурордун уруксаты менен);
  • сотторго (соттун чечиминин негизинде);
  • жеке жактардын өкүлдөрүнө (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде).

Кыргыз Республикасында иштеп турган коммерциялык көптөгөн банктар, анын ичинде башка финансылык мекемелер кредиттик реестрди түзүү жана жүргүзүү максатында Финансы мекемелеринин Ассоциациясы «Ишеним» кредиттик маалыматтар бюросуна кредиттик маалыматтарды беришет.

Акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөш чаралары

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, капиталга контроль төмөнкүлөрдүн каалаганына карата накталай 1 млн. сом (2016-жылдын июндагы абалына карата болжол менен АКШнын 16 миң доллары) суммасындагы операцияларга колдонулат:

  • Банктар жана башка финансы мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылуучу ички жана тышкы транзакциялар жана операциялар, компетенттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу боюнча которулган транзакцияларды жана операцияларды кошпогондо;
  • Аларда жок дегенде бир тарап каттоодон өтүп, юридикалык дареги болгон же анда финансылык операциялар жөнүндө маалыматты ачып берүү же берүү талап кылынган юридикцияда банк эсеби болгон же аны жүргүзгөн транзакциялар же операциялар.

Мындай юрисдикциялардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен акчалардын изин жашырууга каршы туруу менен алектенген эл аралык уюмдар тарабынан бекитилген тизмелердин негизинде компетенттик мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат жана жарыялоого жатат.

  • Башка операциялар жана лимиттен ашык белгиленген төмөнкү операциялар:
  • Чет өлкөлүк накталай валютаны сатып алуу жана сатуу;
  • Баалуу кагаздарды жеке жактар тарабынан накталай акчаларга сатып алуу;
  • Түрдүү аталыштагы банкнотторду алмаштыруу;
  • Жеке жак тарабынан уюмдун уставдык капиталына акча каражаттарын салуу;
  • Кайрымдуулук фонддордун, коомдук уюмдардын, мекемелердин жана фонддордун каражаттарынын жүрүшү;
  • Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менен башка операциялар:
  • Баалуу кагаздардын, баалуу металлдардын, баалуу таштардын же башка баалуулуктардын күрөөсү;
  • Жеке жак тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө же өмүрдү камсыздандыргандыгы, төлөмдөрдүн жана пенсиялык жөлөк пулдардын негизинде камсыздандыруунун башка түрүн аткаргандыгы үчүн сыйлык алуу;
  • 4,5 млн сомго барабар же андан ашкан суммадагы кыймылсыз мүлккө келишимдер;
  • Кыймылдуу мүлктөр менен операциялар;
  • Финансы ижарасынын келишими боюнча мүлктү алуу же өткөрүп берүү;
  • Лотереяны, пари-мутуэлди же кумар оюндары менен байланышкан башка утуштарды төлөп берүү.
  • Акча которуулар:
  • Финансылык жана кредиттик уюм болуп саналбаган уюмдар тарабынан, кардардын суроосу боюнча аткарылат;
  • Которуу же акча алуу үчүн эсеп счетун ачууну талап кылбаган системалар аркылуу аткарылат.

Эгер тараптардын жок дегенде бири Террористтик же экстремисттик кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жактардын тизмесине киргизилген болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары транзакцияларга жана операцияларга милдеттүү контролду белгилеп коёт, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген.

Бул шек жараткан, тактап айтканда, экономикалык так же так юридикалык максаттары болбогон, жана ошол жеке же юридикалык жак үчүн типтүү болбогон транзакцияларга жана операцияларга да тиешелүү.

Маалыматты ачуу

Жогоруда эскертилген бүтүмдөр жөнүндөгү маалыматты ачууга милдеттүү болгон юридикалык жактар банктарды, финансы мекемелерин, кредиттик бирликтерди, камсыздандыруучу/кайра камсыздандыруучу компанияларды, ипотекалык компанияларды, пенсиялык активдерди башкаруу боюнча компанияларды, акча алмашуу пункттарын, ломбарддарды жана сатып алуу бюролорун, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларын, товардык биржаларды, лизинг компанияларын, төлөө системаларынын операторлорун, лотереяларды уюштуруучуларды, кыймылсыз жана /же кыймылдуу мүлктөргө укукту каттоону жүргүзүүчү уюмдарды, эсеп счетторун тейлөөчү уюмдарды, риэлторлорду жана баалуу металлдар жана /же таштар боюнча дилерлерди, ишенимдүү адамдарды, почталык жана телеграфтык кызмат көрсөтүүлөрдү жана башкаларды өзүнө камтып турат.

Шек жараткан транзакциялар жана операциялар боюнча бардык маалыматтар транзакциядан/операциядан кийинки 1 (бир) жумушчу күн ичинде тиешелүү уюмдар тарабынан Финансылык чалгындоо кызматына берилиши керек, алар өз кезегинде ал маалыматты тергөө органдарына жана сотторго өткөрүп бере алат. Мыйзамдар уюмдардын өз кызматтарын кардарларга көрсөтүп жатканда мындай маалыматтарды жарыялагандыгына жоопкерчиликти жокко чыгарат. Мындан сырткары, уюмдар Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына маалыматты бергендиги тууралуу фактыны жарыялоосуна тыюу салынат.

Аманаттарды камсыздандыруу

«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамга ылайык, Аманаттарды камсыздандыруу фонду түзүлгөн, ал Аманаттарды камсыздандыруу агенттигинин карамагында жайгашкан.

Камсыздандыруу учуру келгенде ар бир аманатчыга жалпысынан 100 миӊ сомдон ашпаган компенсация, аны менен бирге аманаттар боюнча пайыздар төлөнүп берилет (2016-жылдын июнундагы абал боюнча болжол менен 1500 доллар).

Камсыздандыруучу кырдаал – банк ал жоюлуп кеткендигине же банкрот болгондугуна байланыштуу депозитти кайтарып берген жок дегенди түшүндүрөт. Мыйзам, ошондой эле, коргоого жатпаган аманаттардын категориясын да карайт, мисалы, инсайдерлердин жана банктардын филиалдарынын аманаттары, юридикалык жак берген ишеним каттын негизинде ишке ашырылган аманаттар, терроризмди каржылоо менен байланышкан аманаттар жана кылмыштардан түшкөн кирешелер (акчаны адалдоо) ж.б.

Банктык кызмат көрсөтүүлөр

Улуттук банктын 2019-жылдын 31-майына карата маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында 25 коммерциялык банк катталган, анын ичинде чет өлкөлүк же мамлекеттик капитал менен банктар жана чет өлкөлүк банктын бир филиалы бар. Ошондой эле чет өлкөлүк банктардын 2 өкүлчүлүгү бар.

Кыргыз Республикасында банктар MasterCard, Diners Club, Visa, дорожные чеки American Express, Thomas Cook, CitiCorp, (CUP) ChinaUnion Pay [1] сыяктуу кредиттик карталар жана каттоодон өткөн чектер менен иштешет.

Банктар юридикалык жана жеке жактардан талап кылганга чейинки депозиттерди жана мөөнөттүү салымдарды (0 дөн 12 айга чейинки мөөнөткө) 0%дан 18%га чейинки диапазондогу пайыздык коюм менен кабыл алышат.

Банктар жылдык 5%дык, же жергиликтүү же чет өлкөлүк валютада андан көп насыяларды сунуштай алышат. Жеке жактар чет өлкөлүк валютадагы ипотекалык насыяларды сунуштаганга болбойт.

Ислам Банкингинин принциптери

Исламдын принциптеринин бири – «ар кандай пайыздык бүтүмдөргө катышууга тыюу» болуп саналат. Ошондуктан ислам принциптери менен иштеген банктар бизнести өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыяларды беришет. Бул схемага ылайык, банк каржыланган же кайра түзүлгөн компанияда үлүшүн алат жана каржыланган бизнес-долбоордун алынган пайдасына да, чыгашасына да катышат.

2006-жылдын майында Кыргыз Республикасы, Өнүктүрүүнүн ислам банкы жана «ЭкоИсламикБанк» ЖАКы ислам банкингинин принциптерин жана финансыны кыргыз Республикасында ишке киргизүүгө тиешелүү болгон бирин-бири түшүнүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюшкан. Меморандумдун тараптары Кыргыз Республикасында ислам принциптерин каржылоонун аракеттеги салттуу принциптерине альтернатива катары ишке киргизүү жөнүндө макулдашышкан.

Жогорудагы меморандумда баяндалган Пилоттук долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында «ЭкоИсламикБанк» ЖАКы ислам банкына кайра түзүлүүнү аяктоо боюнча өз аракеттерин улантып жатат.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзам банк секторунун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасында ислам банкингин илгерилетүү максатында 2009-жылдын 2-июлунда күчүнө кирген.

«КФБ Компаньон финансы группасы» ЖЧКсы кыргыз Республикасынын Ош шаарында 2013-жылы исламдык каржылоо менен ишин баштаган.

Исламдык каржылоо чөйрөсүндө лизинг менен алектенген Кыргыздын Лизинг компаниясы өз ишин 2015-жылы баштаган.

Оффшордук зоналардагы операциялар

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кыргызстандык банктар төмөнкү оффшордук зоналарда катталган банктар, алардын филиалдары жана банк-конверттер менен түздөн-түз корреспонденттик мамилелерди түзүүгө тыюу салынган:

  • Ангилья (Улуу Британия);
  • Антигуа жана Барбуда;
  • Аруба;
  • Барбадос;
  • Белиз;
  • Бермуд аралдары (Улуу Британия);
  • Британдык Виргин аралдары (Улуу Британия);
  • Гибралтар (Улуу Британия);
  • Бахрейн;
  • Гренада;
  • Доминикан Республикасы;
  • Андорра;
  • Лихтенштейн;
  • Ливан;
  • Макао (Китай);
  • Мальдивалар;
  • Монако;
  • Монсеррат (Улуу Британия);
  • Түндүк Самоа;
  • Антиль аралдары (Нидерланддар);
  • Ниуэ (Жаӊы Зеландия);
  • Лабуан аралы (Малайзия);
  • Кайман аралдары;
  • Кука аралдары (Жаӊы Зеландия);
  • Теркс жана Кайкос аралдары (Бириккен Королдук);
  • Вануату;
  • Коста-Рика;
  • Либерия;
  • Маврикий;
  • Мальта;
  • Маршаллов аралдары;
  • Науру;
  • Палау (Белау);
  • Панама;
  • Сейшель аралдары;
  • Сан-Марино;
  • Ыйык Винсент жана Гренадиналар;
  • Санкт-Люсия;
  • Багам аралдары;
  • Сент-Китс жана Невис;
  • Черногория. 

Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттерде жана аймактарда катталган компаниялар, анын менен кошо микрофинансы компаниялары Кыргыз Республикасынын банк-резиденттеринин түзүүчүлөрү же акционерлери катары чыга албайт.

ВАЛЮТалык алмашууга контроль

 

Чет өлкөлүк валютадагы транзакциялар

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары [1] – финансылык милдеттенме улуттук валютада – кыргыз сомунда (сомдо) туюнтулушу жана жөнгө салынышы керектигин карайт. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык милдеттенмелерди аткаруу үчүн чет өлкөлүк валютаны жана төлөм документтерин чет өлкөлүк валютада колдонуу мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте жол берилет.

Акчалай милдет – анын төлөнүшү чет өлкөлүк валютада белгиленген суммага эквиваленттик жергиликтүү валютада жүргүзүлүшү мүмкүндүгүн карай алат. Бул учурда жергиликтүү валютада төлөөгө жаткан сумма төлөнө турган күндөгү тиешелүү валютанын расмий алмашуу курсу боюнча эсептелет, эгерде башкасы мыйзам тарабынан же тараптардын макулдашуусу менен белгиленбесе. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү тургун каалаган валютада зайым же насыя ала алат, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны же негизсиз кармоолорду ыйгарым укуктуу банктардан же алмашуу пунктуларынан чектөөсүз сатып ала жана сата алат.

1992-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасы Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) кирген, ал эми 1995-жылдын мартында VIII пункту боюнча ЭВФ менен Макулдашуу милдетин өзүнө алган. Ал Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасы кезектеги эл аралык операциялар боюнча төлөмдөрдө жана которууларда валюта курсуна чектөөлөрдү киргизүүдөн жана валюталык шарттамдарды дискриминациялоодон же ЭВФнын макулдугусуз бир нече валюталык курстарды колдонуу тажрыйбасынан карманышы керек.

Ошентип, Кыргыз Республикасында валюталык контроль дээрлик жок болуп саналат, себеби төмөнкүлөргө чектөөлөр жок:

  • Чет өлкөлүк валюталарды чек ара аркылуу которуу;
  • Валюталарды ташып келүү жана ташып чыгаруу чектелген эмес, эгер бажы пунктуларында декларацияланып жатса;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валюталарды алмашуу боюнча жол-жоболор;
  • Чет өлкөлүк валюталарды резиденттер жана резидент эместер тарабынан лицензияланган банктарда жана алмашуу пунктуларында тиешелүү деӊгээлде сатып алуу жана сатуу;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валюталарды алмашуу боюнча бир жолку кассалык операциялар;
  • Кезектеги төлөмдөр, операциялык кирешелер жана капиталды транс чек аралык которуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, [2] валютаны, башка баалуулуктарды, валютадан тышкары жана бажы декларациясында керектүү маалыматтарды жазуудан тышкары, которуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Насыя же зайым алганда, Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары эсеп счетторун же депозиттерди ачканда Кыргыз Республикасынын резиденттери аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөрүшү керек, жана анын суроо-талабы боюнча тиешелүү счеттор же депозиттер тууралуу маалыматты жана чет өлкөлүк операциялар менен байланышкан башка маалыматтарды бериши керек.

Эл аралык уюмдар

Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгондон кийин жөнгө салуунун жакшыртылган системасы жана жер реформасы сыяктуу рыноктук реформаларды жүргүзүүдө алга илгериледи. Кыргыз Республикасы өз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) ичинен Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ) кабыл алынган биринчи өлкө болду. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы түрдүү эл аралык макулдашуулардын / уюмдардын (70 тен ашык), анын ичинде БУУну, БСУну, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын (ЕРӨБ) жана акыркы Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия менен Евразиялык экономикалык бирликти кошкондо, катышуучусу болуп саналат.

[Текст Kalikova & Associates компаниясы тарабынан берилди].


[1] 1996-жылдын 8-майындагы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 307-статьясы (2016-жылдын 23-июлундагы №134 өзгөртүүлөрү менен).

[2] «Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 5-июлундагы Мыйзамы (2013-жылдын 26-апрелиндеги №60 өзгөртүүлөрү менен).


[1] http://www.knews.kg/pr_articles/35723_tseremoniya_zapuska_ekvayringa_kart_Union_Pay_Int_