ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИ КОРГОО
Интеллектуалдык менчикти коргонун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчикти коргоонун укуктук негиздери улуттук мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасы тарабынан кол коюлган же ратификацияланган эл аралык макулдашууларды камтыйт.
ИМ жөнгө салуучу негизги мыйзамдарга: Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси [1], Патенттер жөнүндө Мыйзам [2], “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Мыйзам [3], “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзам [4], “Компьютерлер үчүн программалык камсыздоону жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзам [5] жана башка мыйзамдар жана мыйзамдык актылар кирет.
Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык макулдашуулардын катышуучусу болуп саналат. Негизги макулдашуулардын катарына: Өнөр жай менчигин коргоо жөнүндө Париж конвенциясы, Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндө Берн конвенциясы, Патенттик кооперация жөнүндө макулдашуу жана ушул макулдашууга байланыштуу Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу кирет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы 1998-жылдан тартып Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БСУ) мүчөсү болуп эсептелет. БСУнун интеллектуалдык менчиктин соода аспекттери боюнча Макулдашуусунун талаптары интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын негизин түздү.
Өнөр жай менчиги
Өнөр жай менчигин (кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, фирмалык аталыштар, товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар иштеп чыгарылган жерлердин аталыштары) укуктук коргоо каттоонун негизинде камсыз кылынат.
Патент өнөр жай менчигинин белгилүү объектине карата патент ээсинин приоритетин, автордугун жана өзгөчө укугун ырастайт жана ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөр жай үлгүсүнө болгон укугун коргойт. Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттаганда – товардык белгинин же тейлөө белгисинин ээсинин белгини пайдалануудагы жана тескөөдөгү өзгөчө укуктарын же катталган аталышты пайдаланууга анын ээсинин укугун ырастаган күбөлүк берилет.
Кыргыз Республикасында бул укуктарды каттоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар Мамлекеттик кызматы саналат (Кыргызпатент) [6].
Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү
Кызматтык ойлоп табуу – эгерде ал жаңы, ойлоп табуучулук деңгээлге ээ жана өнөр жайында колдонууга жарамдуу болсо, коргоого алынууга тийиш. Кызматтык ойлоп табууга патент Кыргызпатентке тийиштүү арыз берилген күндөн тартып 20 жылдын аралыгында аракетте болот. Фармацевтикалык кызматтык ойлоп табууга патент анын ээсинин талабы боюнча 5 жылдан көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Пайдалуу модель – эгерде ал жаңы жана өнөр жайында колдонууга жарамдуу болсо, корголууга тийиш. Пайдалуу моделге патент Кыргызпатентке тийиштүү арыз берилген күндөн тартып 5 жылдын аралыгында аракетте болот жана патент ээсинин талабы боюнча 3 жылдан көп эмес убакытка узартылышы мүмкүн.
Өнөр жай үлгүсү – эгерде ал жаңы жана оригиналдуу болсо, корголууга тийиш. Өнөр жай прототибине патент Кыргызпатентке тийиштүү арыз берилген күндөн тартып 10 жылдын аралыгында аракетте болот жана патент ээсинин талабы боюнча 5 жылдан көп эмес убакытка узартылышы мүмкүн.
Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары
Товардык белги же тейлөө белгиси – белгилүү бир жеке же юридикалык жактын товарларын же тейлөөлөрүн башка жактардын товарларынан же тейлөөлөрүнөн айырмалай турган белги. Товардык белги сөз түрүндөгү, сүрөт түрүндөгү, көлөмдүү жана башка белгилер же алардын айкалыштары түрүндө белгилениши мүмкүн [7]. Кыргызпатентке товардык белгиге арыз берген жак арызда көрсөтүлгөн товарлар жана тейлөөлөр үчүн товардык белгини мурунтан пайдаланбашы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары арыз берүүчүлөрдөн товардык белгини каттоого арыз берип жатканда аны алдын ала пайдалангандыгын же пайдаланууга ниеттенгендигин ырастоону талап кылбайт.
Товарлар жана тейлөөлөр “Белгилерди эл аралык каттоо максатында товарларды жана тейлөөлөрдү классификациялоо жөнүндө” Ницца макулдашуусу менен бекитилген “Товарлардын жана тейлөөлөрдүн эл аралык классификациясынын” онунчу редакциясына ылайык классификацияланат.
Катталган товардык белги сертификат менен ырасталат. Катталган товардык белгинин аракетинин мөөнөтү арызды берген күндөн тартып 10 жылды түзөт жана анын аракетинин акыркы жылынын ичинде товардык белгинин ээсинин сурамы боюнча дагы 10 жылга узартылуу мүмкүндүгү берилет.
Иштеп чыгарылган жердин аталышы продукт иштеп чыгарылган региондун же калк жашаган пункттун географиялык аталышын билдирет жана продуктту белгилөөдө колдонулат; продукттун сапаты жана мүнөздөмөсү негизинен же толугу менен конкреттүү географиялык чөйрө, анын ичинде табигый жана адамдык факторлор менен шартталат. Сертификат товардын иштеп чыгарылган жеринин аталышын ырастайт. Сертификаттын аракетинин мөөнөтү 10 жылды түзөт жана анын аракетинин мөөнөтү бүткөнгө чейин берилген сурам боюнча дагы 10 жылга узартылышы мүмкүн.
Автордук укук
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары илимдин, адабияттын жана искусствонун (автордук укук) чыгармаларын, ошондой эле фонограммаларды, чыгып сүйлөөлөрдү, берүү уюмдарынын жана кабелдик берүү уюмдарынын трансляцияларын (чектеш укуктар) коргойт. Коргоо тийиштүү эмгектерди каттабастан жана кандайдыр башка формалдуу иштерди аткарбастан берилет. Автордук укуктун аракети автордун өмүрүнүн убагында аракетте болот жана ал өлгөндөн кийин 50 жылга чейин улантылат.
Автордук укук объективдүү формада чыгарылган жана чыгарылбаган программалык камсыздоого жана маалымат базаларына – алардын материалдык алып жүрүүчүсүнөн, максатынан жана баасынан көз карандысыздыкта жайылтылат. Укуктук коргоо – ар кандай тилдеги жана формадагы программалык камсыздоонун кайсы болбосун тибине (анын баштапкы кодун жана объекттик кодун эсепке алуу менен) жайылтылат.
Авторлор жарыялана элек чыгармаларына өздөрүнүн моралдык укуктарын коргой алышат, ал эми укук ээлери чыгармага өздөрүнүн толук менчиктик укуктарын автордук укукту коргоо мезгилинин кайсы болбосун убагында коргой алышат; бул Кыргызпатенттин расмий реестрлеринде каттоо жана сертификат менен ырастоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүү
Чет өлкөлүктөр же алардын ишеним берилген өкүлдөрү ИМди коргоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган ишеним берилген патенттик өкүлдөр аркылуу карап чыгышат [8]. Азыркы күндө Кыргызпатентте 17 сертификацияланган ишеним берилген патенттик өкүлдөр иштешет [9]. Кыргыз Республикасы менен ИМ укуктарына тийиштүү өз ара жөнөкөйлөтүлгөн процедураларды орноткон эки тараптуу макулдашууга кол койгон өлкөлөрдүн жарандары патент алуу, товардык белгини каттоо жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрү менен байланышкан иштерди өз алдынча же өздөрүнүн Кыргыз Республикасында катталбаган улуттук патенттик ишеним берилген өкүлдөрү аркылуу карап чыга алышат.
Бул макулдашуулар чет өлкөнүн физикалык жана юридикалык жактары азыркы учурда Кыргыз Республикасынын физикалык жана юридикалык жактарына берилүүчү укуктар жана преференциялар менен пайдалана тургандыгына кепилдик берет.
Кыргыз Республикасы төмөнкү өлкөлөр менен интеллектуалдык менчик жаатындагы кызматташуу жөнүндө эки тараптуу макулдашууларга [10] кол койгон:
- Россия;
- Өзбекстан;
- Казакстан;
- Азербайжан;
- Армения;
- Турция;
- Кытай;
- Беларусь.
Интеллектуалдык менчик укугун коргоо
Кыргыз Республикасынын бажы органдары автордук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди, жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарынын корголушун камсыздайт. Бул үчүн укук ээлеринин же алардын өкүлдөрүнүн талабы боюнча ИМ укуктары алым төлөнгөн күндөн тартып эки жылга чейинки мөөнөткө интеллектуалдык менчиктин корголуучу укуктарынын реестрине киргизилет. Эгерде интеллектуалдык менчиги бар товарларды кандайдыр бажы тарабынан жазып-каттоонун убагында контрафакттын кандайдыр белгилери аныкталган болсо, бул товарлар убактылуу сакталып коюлат жана мындай товарларды чыгаруу 10 күнгө чейин токтотулат жана ушундай эле мөөнөткө узартуу мүмкүндүгү каралат. Бул мөөнөттүн аралыгында укук ээси же анын ишеним берилген өкүлү бажы органдарына токтотулган товарларга тийиштүү мыйзамдуу укуктарды жана кызыкчылыктарды калыбына келтирүү үчүн сот процессинин башталышын ырастаган документтерди берүүлөрү зарыл.
ИМ укугунун ээси туура эмес конкуренцияны токтотуу үчүн мамлекеттик монополияга каршы органга кайрыла алат. Бул органдын чечими (буйрутмасы) Кыргыз Республикасынын бардык территориясында толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө милдеттүү болуп саналат. Мамлекеттик монополияга каршы органдын чечимине (буйругуна) макул эмес жактар бул тууралуу сотто даттана алышат [11].
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары интеллектуалдык менчик укугун бузуулар үчүн жарандык, административдик жана кылмыштык жоопкерчиликти орнотот.
Административдик жоопкерчилик кодекси интеллектуалдык менчик укугун бузуулар үчүн жаза катары административдик айыппулдарды салат. Сот бул жаатта административдик укук бузууларды кароочу компетенттүү орган болуп саналат. Интеллектуалдык менчик укугун бузуулар үчүн кылмыштык жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекси тарабынан орнотулган. Ушундайча, интеллектуалдык менчик укугун бузуулар түрмөгө камоого чейинки санкциялар менен жазаланат.
Жалпы эрежеге ылайык, интеллектуалдык менчик укуктары сот тарабынан корголот. Бул талаштар мамлекеттик соттордун юрисдикциясына өткөрүлөт.
[1] Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы № 15 Жарандык кодекси (2016-жылдын 23-июлундагы № 134 акыркы өзгөртүүлөр менен);
[2] Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Патенттер жөнүндө Мыйзамы (2015-жылдын 10-апрелиндеги № 76 акыркы өзгөртүүлөр менен);
[3] Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Мыйзамы (2014-жылдын 6-февралындагы № 28 акыркы өзгөртүүлөр менен);
[4] Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамы (2014-жылды 21-январындагы № 14 өзгөртүүлөр менен);
[5] Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 28 “Компьютерлер үчүн программалык камсыздоону жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө[A1] ” Мыйзамы ( 2006-жылдын 8-декабрындагы № 205 акыркы өзгөртүүлөр менен);
[6] Кыргызпатенттин расмий сайты: http://www.kyrgyzpatent.kg
[7] 1998-жылдын 14-январындагы № 7 “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренеси, 3-бөлүм (2014-жылдын 6-февралындагы № 28 акыркы өзгөртүүлөр менен).
[8] 1998-жылдын 14-январындагы № 7 “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Мыйзамдын 6-беренеси 3-бөлүм (2014-жылдын 6-февралындагы № 28 акыркы өзгөртүүлөр менен);
[9] Кыргызпатенттин расмий сайтында жайгаштырылган маалыматтын негизинде: http://patent.kg/index.php/ru/attorneys.html
[10] Кыргызпатенттин расмий сайтында жайгаштырылган маалыматтын негизинде: http://patent.kg/index.php/ru/legislation/int-agreements/int-govement.html
[11] Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 “Конкуренция жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренеси (2016-жылдын 15-июлундагы № 118 акыркы өзгөртүүлөр менен).
[A1]«Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» – (если замените здесь, то нужно заменить соответствующий текст в русском варианте, примечание с подсказкой в русском варианте присутствует)