Мазмунга өтүү
Кыргызстан Түштүк Кореянын компаниялары менен инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 17-сентябрь 10:102 мүнөт окуу

Кыргызстан Түштүк Кореянын компаниялары менен инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын In3 Capital Group, Dinamics Total Solutions, DQB E-FUEL жа

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын In3 Capital Group, Dinamics Total Solutions, DQB E-FUEL жана HWAYA INC компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана санариптик инфраструктура, жасалма интеллект, кайра жаралуучу энергия булактары, өнөр жай өндүрүшү, ошондой эле эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү багыттарындагы долбоорлорду ишке ашыруу перспективалары талкууланды.

Равшанбек Сабиров In3 Capital Group компаниясынын Азия боюнча башкаруучу директору Брайан Чонг менен санариптик инфраструктураны, жасалма интеллект технологияларын жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын, анын ичинде Кыргыз Республикасында жасалма интеллект технологиялары үчүн маалыматтарды иштетүү борборун (AI Data Center) түзүү маселелерин талкуулады.

Dinamics Total Solutions компаниясынын негиздөөчүсү Квон Хэбоном менен санариптик инфраструктура жана жасалма интеллект багыттарындагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

DQB E-FUEL компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Сангхун Ли Кыргыз Республикасында күйүүчү майдын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жабдууларды өндүрүүчү завод куруу долбоорун тааныштырды. Ошондой эле технологиялык жана өнөр жай тармактарындагы кызматташтыктын багыттары каралды.

HWAYA INC корпорациясынын президенти Хванг Инмин жана башкы директору Чонг Мок менен инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана башкаруу маселелери талкууланды.

Кыргызстан инвестицияларды тартууга жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биз кореялык компаниялар менен кызматташууга ачыкпыз жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз. Айрыкча заманбап технологияларды, өнөр жайды, санариптик инфраструктураны жана эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.

Равшанбек Сабиров

Жолугушуунун жыйынтыгында бардык компаниялар менен санариптик технологияларды өнүктүрүүнү, жаңы технологияларды жана инвестицияларды тартууну, инвестициялык жана өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты караган тиешелүү меморандумдарга кол коюлду. Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү: