Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы «Ош шаарында «Жибек-Жолу» соода-логистикалык борборун уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо сынагына катышууга кызыкдар тараптарды чакырат.
Сынакка катышуу үчүн квалификациялык талаптар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: КК (Квалификациялык суроо-талап)
📩 Түз сүйлөшүүлөр процедурасына катышууга билдирмелерди жана аларга тиркелген документтерди чогултуу төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
📍 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 221-үй
📞 Тел: 0 3222 5-51-51, 0 3222 5-55-51
⏳ Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү – 2026-жылдын 28-октябрына караган саат 18:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).

