Мазмунга өтүү
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте бизнес-ассоциациялардын жана инвесторлордун өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуу болуп өттү

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 16-ноябрь 12:143 мүнөт окуу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте бизнес-ассоциациялардын жана инвесторлордун өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында II «Инвестициялык вектор: мамлекет жана б

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

2026-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында II «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес – ачык диалог» форумуна даярдыктын алкагында бизнес-ассоциациялардын жана инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрү менен кезектеги жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты инвестициялык ишмердүүлүккө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоо, ишкерлер менен инвесторлордун мамлекеттик органдар менен кызматташуу учурунда кездешкен көйгөйлөрүн аныктоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга багытталган практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Талкуунун жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү административдик жол-жоболорго, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө, инвестициялык долбоорлорду коштоого жана ишкердикти жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүштү. Өзгөчө инвесторлордун кайрылууларын кароонун ыкчамдыгын жогорулатуу, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана инвестициялык демилгелерди ишке ашыруунун бардык баскычтарында системалуу коштоону камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында келип түшкөн сунуштарды жана маселелерди жалпылоо, аларды тиешелүү багыттар боюнча системалаштыруу жана кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда андан ары иштеп чыгуу макулдашылды. Эң актуалдуу маселелерди форумдун күн тартибине киргизүү, аларды кеңири талкуулоо жана чечүү жолдорун аныктоо пландаштырылууда.

Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мындай жолугушуулар бизнес-коомчулук менен туруктуу диалогду камсыз кылуунун маанилүү куралы болуп саналарын белгиледи. Ал ошондой эле мындай жолугушуулар инвестициялык ишмердүүлүккө тоскоол болгон маселелерди өз убагында аныктоого жана аларды жоюу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөрүн баса көрсөттү. Мындан тышкары, мамлекеттик инвестициялык саясатты өркүндөтүүдө инвесторлордун позициясын жана практикалык тажрыйбасын эске алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Улуттук агенттиктин бизнес өкүлдөрү менен түз жана туруктуу диалогду өнүктүрүү багытындагы ырааттуу иштеринин кезектеги этабы болуп саналат. Бизнес-ассоциациялардын жана инвесторлордун өкүлдөрү менен үчүнчү жумушчу жолугушууну форумдун алдында өткөрүү пландаштырылууда. Анда буга чейинки талкуулардын жыйынтыктарын чыгаруу, артыкчылыктуу маселелерди тактоо жана форумдун алкагында кароого сунуштарды биротоло калыптандыруу каралган.

Улуттук агенттик мамлекет менен бизнестин ортосундагы ачык жана конструктивдүү диалогду камсыз кылуу, инвестициялык ишмердүүлүктүн шарттарын өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасына сапаттуу инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерин улантат.

Бөлүшүү: