
УИА
Коррупциянын алдын алуу
Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам
Дареги
Бишкек ш., Биринчи Май району, Раззаков көчөсү, 8/1
Иш тартиби
Дш–Жм: 9:00–18:00
Телефон
(312) 300 148Веб-сайт
prokuror.kg«Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдар институтун өркүндөтүү чаралары жөнүндө»
Документке өтүү
Ишеним телефону
+996 (312) 54 28 18+996 (704) 88 84 48Коррупцияга каршы чаралар
Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жардыгын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттиги ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, аткаруу дисциплинасын бекемдөөгө, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле жарандар жана бизнес өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды өткөрөт.
Агенттик жарандар жана бизнес өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрөт. Бул жолугушуулар мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен координацияда уюштурулуп, региондордогу инвестициялык демилгелерди талкуулоого жана актуалдуу маселелерди оперативдүү чечүүгө багытталган.
Өз ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын сунуштарын, арыздарын жана кайрылууларын карап, тиешелүү чараларды көрөт. Электрондук кайрылуулар да кабыл алынып, белгиленген тартипте каралат.
Кайтарым байланыш каналдары
Ар бир жаран же бизнес өкүлү көйгөй тууралуу тез кабарлап, сунуш калтырып же мекеменин ишин баалай алат.
Ишеним телефону
Кызматкерлердин мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрү жана мыйзам бузуулары тууралуу билдирүүлөр үчүн түз линия.
Электрондук кайрылуулар
Арыздар, сунуштар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
Кайрылуу жөнөтүүБашкармалык тарабынан жеке кабыл алуу
Агенттиктин жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу туруктуу негизде уюштурулган.
График
График такталып, кошумча жарыяланат
Жамааттык кабыл алуу бөлмөсү
Жарандар жана бизнес өкүлдөрү үчүн туруктуу иштеген кайрылуу каналы.
Дарек
Бишкек ш., Биринчи Май району, Раззаков көчөсү 8/1
Иш убактысы
Дүйшөмбү–Жума: 9:00 – 18:00
«Кайтарым байланыш» системасы
Агенттик автоматташтырылган «Кайтарым байланыш» маалыматтык системасына туташтырылган. Анын аркылуу жарандар сунуштарын калтырып, мекеменин ишин баалай алышат.
Аткаруу дисциплинасын көзөмөлдөө
Агенттикте аткаруу дисциплинасын бекемдөө жана кызматтык жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча туруктуу иш жүргүзүлөт.
Документтерди аткаруу мөөнөттөрүнүн бузулушу боюнча кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, натыйжалары боюнча тиешелүү дисциплинардык чаралар көрүлөт.
Туруктуу жолугушуулар
Жарандар жана бизнес менен
Кызматтык иликтөөлөр
Мөөнөттөрдүн бузулушу боюнча
Дисциплинардык чаралар
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча
Ченемдик укуктук база
Коррупцияга каршы мыйзамдар
Коррупцияга каршы стратегиялар жана пландар
УИАнын коррупцияга каршы ички актылары
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин документтери. PDF форматында жүктөп алууга жеткиликтүү.
УИАда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана жагдайлардын тизмеси (2026)
11.09.2026 күнүндөгү № 76-Н буйрук. Буйрук жана тиркемелер — 23 бет.
Коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарты
11.09.2026 күнүндөгү № 75-Н буйрук. Буйрук жана тиркемелер — 21 бет.
УИАнын 2024-жылдын 26-августундагы № 123 буйругу
«Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө»
2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы иш-чаралар планы
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы иш-чаралар планы (№ 123 буйрукка тиркеме).