Мазмунга өтүү
Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлери күнү менен куттуктоо
МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 22-ноябрь 04:461 мүнөт окуу

Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлери күнү менен куттуктоо

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатович: Урматтуу прокурорлор жана прокуратуранын ардагерлери!

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Урматтуу прокурорлор жана прокуратуранын ардагерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлери күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

— Сабиров Равшанбек Азатович

Прокуратора ар дайым биздин мамлекеттин мыйзамдуулугун жана тартипти камсыздаган, ар бир жарандын укугун коргогон мамлекеттик орган болуп келет.

Сиздердин күнүмдүк кызматыңыздар өлкөнүн туруктуулугуна, коопсуздугуна жана укуктук биримдигине кошулган зор салым болуп саналат.

Көптөрүңүздөр бул тармакка өмүрүңүздөрдү арнап, чоң тажрыйба топтоп, бүгүн жаңы муун таянган бекем пайдубалды түздүңүздөр.

Сиздердин кесипкөйлүк, адилеттүүлүк жана талыкпастан иштөөңүздөр дайыма үлгү болот.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.

Майрамыңыздар кут болсун!

Бөлүшүү: