Мазмунга өтүү
Инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Улуттук агенттиктин башчысы «Ду Кастомс» ЖЧКсына барды

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 13-ноябрь 08:552 мүнөт окуу

Инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Улуттук агенттиктин башчысы «Ду Кастомс» ЖЧКсына барды

2026-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышу

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

2026-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышуу жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында «Ду Кастомс» жоопкерчилиги чектелген коомуна барды.

Улуттук агенттик инвесторго мыйзамдарда каралган мамлекеттик жеңилдиктерди алуу маселелери боюнча көмөк көрсөтүп, инвестициялык долбоорду коштоо, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан маселелерди чечүүгө көмөктөшүү багытында иш алып барууда.

Ишкана калдыктарды кайра иштетүү жана кайра пайдалануу багытында адистешип, анын негизинде килем, жайнамаз, термокийиз жана ватин сыяктуу даяр продукцияларды өндүрөт.

Долбоорго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 2,5 млрд сомду түзөт. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 500 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Учурда ишканада 35 жумуш орду түзүлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө, калдыктарды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, айлана-чөйрөгө тийгизилген терс таасирди азайтууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Улуттук агенттик мындан ары да инвесторлорго колдоо көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын экономикасын, анын ичинде аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду коштоону улантат.

Бөлүшүү: