Инвестициялык макулдашуу
2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Лифан аккумулятор заводу» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатович, ал эми «Лифан аккумулятор заводу» ЖЧКсынын атынан башкы директор Гуан Шихэн кол койду.
Долбоордун көлөмү
Долбоорго салынуучу инвестициялардын жалпы көлөмү 1 миллиард сомду (болжол менен 11,5 миллион АКШ долларын) түзөт. Долбоор Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында жайгашкан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө багытталган.
Ишкананын өндүрүштүк багыттары
- аккумулятор батареяларын өндүрүү
- аккумуляторлордун калдыктарын кайра иштетүү
- алюминий жана жез калдыктарын кайра иштетүү
- электр зымдарын жана кабелдерин өндүрүү
- фотоэлектрдик продукцияларды даярдоо
Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүштүк жана кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүүгө, ошондой эле аймактардын экономикасына инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.




