Мазмунга өтүү
Кыргызстан Анталья шаарында өткөн COP31 конференциясында климаттык долбоорлор жаатындагы инвестициялык потенциалын тааныштырды

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 16-ноябрь 04:043 мүнөт окуу

Кыргызстан Анталья шаарында өткөн COP31 конференциясында климаттык долбоорлор жаатындагы инвестициялык потенциалын тааныштырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптардын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптардын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Кыргыз Республикасындагы климаттык инвестициялар: тармактык артыкчылыктардан долбоорлорду ишке ашырууга чейин» аттуу тематикалык панелдик сессия өткөрдү. Иш-чара COP31 конференциясынын «Каржы жана соода» (Finance and Trade Day) тематикалык күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук павильонунда өтүп, Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө, климаттык каржылоону тартууга, ошондой эле туруктуу жана көмүртектин аз бөлүнүп чыгышына негизделген өнүгүүнү камсыз кылуу максатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды. Сессиянын негизги максаты — өлкөнүн климат жаатындагы милдеттенмелеринен жана стратегиялык артыкчылыктарынан конкреттүү инвестициялык долбоорлорду даярдоого жана практикалык ишке ашырууга өтүү маселелерин талкуулоо болду. Талкуунун жүрүшүндө гидроэнергетика, суу ресурстарын туруктуу башкаруу, органикалык айыл чарба, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну өнүктүрүү жана тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу багыттарына жеке жана институционалдык инвестицияларды тартуунун келечеги каралды. Кыргыз Республикасынын климат жаатындагы улуттук артыкчылыктарын, анын ичинде Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (ОНУВ 3.0) потенциалдуу инвесторлордун жана эл аралык финансылык институттардын талаптарына жооп берген инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын катышуучулары инвестициялык жагымдуулугу жогору долбоорлорду даярдоо, климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулашты. Эксперттик талкууга төмөнкү өкүлдөр катышты: - Жанара Бакирова — Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору; - Дениз Каялы — Orta Asya Investment Holding компаниясынын финансылык директору; - Дастан Абдылдаев — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун эксперти; - Уран Ахметов — Тоолор эл аралык институтунун директорунун орун басары; - Эльвира Боромбаева — Кыргызстандын чакан ГЭСтер ассоциациясынын президенти, Борбордук Азиянын Региондук экологиялык борборунун Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү. Улуттук агенттик климаттык инвестицияларды экономиканы диверсификациялоонун, туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуунун келечектүү багыттарынын бири катары карайт. Улуттук агенттик өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө, потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүүгө, ведомстволор аралык координацияны камсыз кылууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу этаптарында коштоого көмөк көрсөтөт. COP31 конференциясынын алкагында тематикалык сессиянын өткөрүлүшү Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын эл аралык климаттык аянтчада тааныштырууга, ошондой эле мамлекеттин, финансылык институттардын, инвесторлордун жана эксперттик коомчулуктун өз ара кызматташуусунун келечектүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түздү. Улуттук агенттиктин COP31 конференциясына катышуусу Кыргыз Республикасынын климаттык артыкчылыктарды инвестициялык саясатка киргизүүгө, эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштүн кызыкчылыгында климаттык каржылоо механизмдерин пайдаланууга багыт алгандыгын тастыктайт.

Бөлүшүү: