2026-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Гонконгдун Guosen Securities (HK) Capital Company Limited финансылык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, Кыргыз Республикасына эл аралык капиталды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу маселелерин талкуулашты.
Компаниянын өкүлдөрү кыргыз тарапты өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана эл аралык капитал рынокторундагы тажрыйбасы, анын ичинде облигацияларды чыгарууну уюштуруу жана карыздык каржылоону тартуу жаатындагы ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттарын биргелешип иштеп чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.







