Мазмунга өтүү
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда энергияны көп керектөөчү төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 7-ноябрь 12:422 мүнөт окуу

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда энергияны көп керектөөчү төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо

2026-жылдын 7-ноябрында «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда энергияны көп керектөөчү төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө «СтарОушен Инвестмент» ЖЧКсы менен Инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

2026-жылдын 7-ноябрында «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда энергияны көп керектөөчү төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө «СтарОушен Инвестмент» ЖЧКсы менен Инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Инвестициялык макулдашууга Улуттук агенттиктин жетекчиси Р.А. Сабиров кол койду.

Түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында «Нарын» эркин экономикалык аймагындагы 200 гектар аянтта кошумча наркы жогору продукцияларды өндүрүү, чек ара аралык энергетикалык инфраструктура, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору жана жасалма интеллект үчүн эсептөө кубаттуулуктары бар өнөр жай паркы түзүлөт.

Өнөр жай паркынын аймагында мамлекеттик муктаждыктарды камсыз кылууга багытталган өзүнчө маалыматтарды иштеп чыгуу борборун жайгаштыруу пландалууда. Бул мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жайгаштырууга, санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүгө, жасалма интеллектти, IT-паркты жана жогорку өндүрүмдүүлүктөгү эсептөөлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«СтарОушен Инвестмент» компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Улуттук агенттиктин жетекчиси Р.А. Сабиров жооптуу мамлекеттик органдар жана инвестор менен өз ара аракеттенүү аркылуу долбоорду координациялоону улантууга даяр экендигин белгиледи.

Долбоор экономиканын туруктуулугун жана экспорттук потенциалдын өсүшүн камсыз кылуу менен энергетикалык дефицитти азайтууга жөндөмдүү.

Бөлүшүү: