Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Башкы прокуратурасы жана Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Ынтымак-Ордо” мамлекеттик комплексинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес - ачык диалог” аталышында II форумду өткөрүүдө.
Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 21-октябрында өткөн республикалык кеңешмеде берген тапшырмаларын ишке ашырууга багытталган. Анын негизги максаты - мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди бекемдөө, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жаралган системалуу көйгөйлөрдү ачык талкуулоо жана чечүү, инвесторлорго тоскоолдук жараткан жагдайларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу. Муну менен катар инвестициялык климатты жакшыртуу жана түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн жыл сайын кеминде 20 пайызга көбөйтүү милдети турат. Бул максаттарга мамлекет менен бизнестин ачык диалогу жана өз ара кызматташуусу аркылуу жетүүгө болот.
— Равшанбек Сабиров
Форумга мамлекеттик органдардын, сот жана укук коргоо органдарынын, бизнес-ассоциациялардын, өнүктүрүү фонддорунун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордон турган 250гө чейин катышуучу чогулат. Ачык диалогдун жүрүшүндө ишкерлер инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кездешкен көйгөйлөрдү түздөн-түз айтып, аларды чечүү боюнча сунуштарын ортого салышат.
Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ортосунда тараптардын ыйгарым укуктарынын чегинде кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлат. Ошондой эле өлкө жетекчилигинин алдында Инвесторлор кеңешин түзүү, бизнес өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү, инвестициялык долбоорлорду коштоо механизмдерин өркүндөтүү жана “Инвестициялар” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу мамлекет менен инвесторлордун өз ара аракеттенүүсүн санариптештирүү маселелери талкууланат.
2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда жалпы суммасы 12,4 млрд АКШ долларын түзгөн 91 инвестициялык макулдашууга кол коюлган. Анын ичинен 2026-жылы жалпы суммасы 3,6 млрд АКШ долларын түзгөн 33 макулдашуу түзүлгөн. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында жалпы суммасы 31,4 млрд сомдон ашкан 19 макулдашууга кол коюлган.
Форумдун өткөрүлүшү Кыргызстандын инвестицияларды коргоого, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана бизнес менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө негизделген ачык, туруктуу жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө багытталат.





















