Мазмунга өтүү
Равшанбек Сабиров Түрк инвестициялык фондунун президенти менен инвестициялык кызматташтыктын талкуулады

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 26-ноябрь 10:322 мүнөт окуу

Равшанбек Сабиров Түрк инвестициялык фондунун президенти менен инвестициялык кызматташтыктын талкуулады

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Омуралиев менен жол

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция тартуу жана Фонддун келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырып, инвесторлордун укуктарын коргоо жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Инвестиция тартуунун артыкчылыктуу багыттары катары энергетика, транспорт жана логистика, туризм, агроөнөр жай комплекси, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана критикалык минералдар белгиленди.

Кыргызстан үчүн Түрк инвестициялык фонду инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдөгү маанилүү өнөктөш болуп саналат. Биз келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, экономиканын артыкчылыктуу тармактарына каржылоо тартууга жана ата мекендик бизнестин, анын ичинде чакан жана орто ишкердиктин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Кызматташтыгыбыз жетишилген макулдашууларды конкреттүү инвестициялык демилгелерге айландырууга өбөлгө түзөт деп ишенем.

— Равшанбек Сабиров

Ошондой эле тараптар 2026-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Улуттук агенттик менен Түрк инвестициялык фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун практикалык кадамдарын талкуулашты. Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары инвестициялык демилгелерди илгерилетүү, долбоорлорду түзүмдөштүрүү жана биргелешип каржылоо, ошондой эле өнөктөштүктү бекемдөө жана инвестиция тартуу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү белгиленди.

Бөлүшүү: