Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар (Б-А)
- Билим деңгээли: гуманитардык илимдер (эл аралык мамилелер, юриспруденция) же экономика жана башкаруу (экономика, бизнес-башкаруу, менеджмент) тармагында жогорку билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Кесиптик компетенциялар
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.”
Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарын билүү:
- Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык Процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик-Процесстик кодекси;
- “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Инвестициялык фонддор жөнүндө”, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө”, 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө”, 2021-жылдын 29-январындагы № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыктары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтому менен бекитилген «Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо тартиби», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 «Инвестициялык долбоорлордун артыкчылыктуу ишмердүүлүк түрлөрүн (экономика тармактарын) белгилөө жөнүндө», 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө», 2013-жылдын 7-майындагы № 255 «Кызматтык пайдалануу үчүн маалымат камтылган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө» токтомдору.
Жөндөмдөрү:
- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Башка чет тилдерди билүү (артыкчылык берилет);
- Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- Түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
- Башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу.

