Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инвестициялык саясатты өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу багыттарында кызматташтыкты кеңейтүү багыттарын талкуулашты.
Тараптар мамлекеттик органдардын жана аймактардын инвестициялык ишмердүүлүк жаатындагы институционалдык потенциалын жогорулатуу, инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин бекемдөө, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу жана инвесторлордун ишенимин арттыруу максатында медиация институтун жана инвестициялык акыйкатчы институтун өнүктүрүү маселелерин карашты.
Мындан тышкары, БУУӨПтүн эксперттик жана техникалык колдоосун тартуу, биргелешкен окутуу иш-чараларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул багытта келечектеги программалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоодо өлкөнүн инвестициялык өнүгүү боюнча улуттук артыкчылыктарын эске алуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана биргелешкен демилгелерди практикалык ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.





