Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр!
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Түркиянын Анталья шаарында өтүүчү тематикалык панелдик сессияга катышууга чакырат!
Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы
«Кыргыз Республикасындагы климаттык инвестициялар: тармактык артыкчылыктардан долбоорлорду ишке ашырууга чейин».
- Дата: 2026-жылдын 13-ноябры, жума
- Убакыт: 16:00–17:30 (Антальянын жергиликтүү убакыты боюнча)
- Өтүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону
- COP31 тематикалык күнү: Finance and Trade Day — «Каржы жана соода»
Эмне тууралуу сүйлөшөбүз?
Талкуунун борборунда — Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана туруктуу жана көмүртектүү эмес өнүгүү долбоорлоруна капиталды тартуунун конкреттүү мүмкүнчүлүктөрү.
Катышуучулар гидроэнергетика, суу ресурстары, органикалык айыл чарбасы, климаттык каржылоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү тармагына инвестициялоонун келечектүү багыттарын сунушташат.
Өзгөчө көңүл инвестициялык жактан жагымдуу долбоорлорду даярдоого, каржылоо механизмдерине, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө жана стратегиялык артыкчылыктардан долбоорлорду практикалык жүзөгө ашырууга өтүү үчүн зарыл болгон эл аралык өнөктөштүккө бурулат.
Бул Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору жана артыкчылыктары тууралуу биринчилерден болуп билүүгө, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана климаттык каржылоо чөйрөсүндөгү эксперттер менен таанышууга, кызматташтыктын келечегин талкуулоого жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эл аралык финансы институттарынын, климаттык фонддордун, инвестициялык компаниялардын, бизнестин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн чакырабыз!

