Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ЭлТР МТРКсынын түз эфирине катышып, өлкөнүн инвестициялык саясаты, чет элдик инвестицияларды тартуу багытында жүргүзүлгөн иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Түз эфирдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган жаңы милдеттердин алкагында аткарылуучу иштер, инвестициялык климатты жакшыртуу, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, Равшанбек Сабиров чет өлкөлүк инвесторлорго сунушталып жаткан инвестициялык долбоорлордун саны, инвестиция тартуу үчүн артыкчылыктуу багыттар, акыркы эл аралык жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Ошондой эле инвесторлор тарабынан көтөрүлгөн негизги көйгөйлөргө жана аларды чечүү жолдоруна токтолду.





