Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «МИР» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясына маек берип, анда өлкөнүн өнөр жай тармагынын өнүгүшү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун багыттары тууралуу айтып берди.
Маектин жүрүшүндө Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн факторлор, инвестиция салуу үчүн келечектүү тармактар, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн өлкө экономикасына болгон кызыгуусуна токтолду.
Мындан тышкары, Равшанбек Сабиров ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу, жумуш орундарын түзүү, ошондой эле чет өлкөлүк инвестициялардын аймактарды өнүктүрүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, ата мекендик экономиканы өнүктүрүү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөө багытында Улуттук агенттик тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолду.




