Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясына берген интервьюсунда Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономиканын өнүгүү динамикасы жана инвестицияларды тартуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Ал инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык долбоорлорду колдоо жана чет өлкөлүк капиталды тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Ошондой эле Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан эл аралык инвестициялык жана бизнес-форумдар, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу жана жаңы инвестициялык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Равшанбек Сабиров өлкөнүн экономикалык өнүгүү келечеги тууралуу айтып, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.



