Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башчысы, делегация жетекчиси Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган Оман Султанатынын делегациясы менен жолугушту. Жолугушууга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын экономика, инвестициялар, соода, энергетика, транспорт, туризм, айыл чарбасы жана башка артыкчылыктуу тармактар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык форматта өттү.
«Кыргызстан артыкчылыктуу экономикалык тармактарда перспективдүү долбоорлорду ишке ашырууга омандык инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инвесторлорду натыйжалуу коштоого жана өндүрүштү, инфраструктураны, жаңы технологияларды өнүктүрүүгө салым кошо турган долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө умтулабыз. Омандык инвестициялык институттар жана бизнес менен түз байланыштарды кеңейтүү өз ара инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот деп ишенем»
— Равшанбек Сабиров
Тараптар кыргыз-оман экономикалык байланыштарынын учурдагы абалын жана аларды мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары, туризм жана курорттук инфраструктура, айыл чарбасы жана продукцияны кайра иштетүү, транспорт жана логистика, авиация, ошондой эле санариптештирүү белгиленди.
Ошондой эле кыргыз-оман инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүү, Оман тараптын жеке капиталын тартуу жана эки өлкөнүн инвестициялык институттары менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Практикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында биргелешкен инвестициялык форумдарды жана өз ара бизнес-миссияларды өткөрүүнү активдештирүү сунушталды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан конкреттүү долбоорлорду илгерилетүү боюнча ишти улантууга даяр экенин ырасташты.







