Мазмунга өтүү
Ашхабадда Равшанбек Сабиров Түркмөнстандын Финансы жана экономика министри менен жолугушту

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 1-октябрь 11:392 мүнөт окуу

Ашхабадда Равшанбек Сабиров Түркмөнстандын Финансы жана экономика министри менен жолугушту

Ашхабад шаарында Түркмөнстандын инвестициялык форуму - 2026нын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түркмөнстандын

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Ашхабад шаарында Түркмөнстандын инвестициялык форуму - 2026нын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түркмөнстандын Финансы жана экономика министри Мамметгулы Астанагулов менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-түркмөн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле түз ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кызматташуунун келечектүү багыттары катары энергетика, мунай-газ продукцияларын жеткирүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелери каралды.

Равшанбек Сабиров өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, эки өлкөнүн мамлекеттик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Кыргызстан менен Түркмөнстандын инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Биз үчүн мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы түз диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүү жана жаңы ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү маанилүү. Бул багыттагы ырааттуу иштер эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шарт түзөт деп ишенем», - деди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Мамметгулы Астанагулов Түркмөнстандын Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана мамлекеттик органдардын, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жумушчу диалогду улантуу жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча макулдашты.

Бөлүшүү: