Бүгүн, 1-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров 1-2-октябрь күндөрү Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын – 2026 жылдагы инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты.
Форумдун ачылышда Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
«Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер, кылымдарды карыткан тарыхый байланыштар жана салт-санааларыбыздын окшоштугу бириктирип турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн алдында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Мамлекеттик органдар менен бизнес чөйрөнүн ортосундагы түз диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара инвестицияларды кеңейтүү эки өлкөнүн экономикалык байланыштарына жаңы дем бере алат»
— Равшанбек Сабиров
Ал Кыргызстан инвестициялык мыйзамдарды жана инвесторлорду колдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана долбоорлорду коштоонун санариптик инструменттерин киргизүүнү улантып жатканын белгиледи.
Перспективдүү багыттардын катарында жасалма интеллект, креативдүү индустриялар, кайра жаралуучу энергетика, ошондой эле инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлор белгиленди.
Эки өлкөнүн кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын катарында соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, анын ичинде энергетика, мунай-газ продукциясын жеткирүү, текстиль өнөр жайы, транспорттук-логистикалык тармак жана туризм чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү белгиленди.
Түз ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу бизнес үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, региондогу экономикалык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Жыйынтыгында Равшанбек Сабиров форумдун катышуучуларына жемиштүү сүйлөшүүлөрдү, ишенимдүү өнөктөштөрдү жана конкреттүү практикалык натыйжаларды каалады.








