Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Азербайжандын Portofino Development компаниясынын негиздөөчүсү Кянан Джалилов менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасындагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде курулуш жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.
Кянан Джалилов Азербайжанда ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул ыкманы Кыргызстандын шартында колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга шарттар ырааттуу түзүлүүдө. Биздин милдет - инвесторлор үчүн түшүнүктүү эрежелерди жана жеткиликтүү колдоо инструменттерин камсыз кылуу, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоп жүрүү.
— Равшанбек Сабиров
Улуттук агенттиктин башчысы инвесторлорду мамлекеттик колдоонун колдонуудагы чаралары, анын ичинде атайын экономикалык аймактардагы (АЭА) мүмкүнчүлүктөр жана преференциялар, салыктык жана башка стимулдар, ошондой эле IT-секторун өнүктүрүү үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Равшанбек Сабиров ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Венчурдук каржылоо жөнүндө» Мыйзамы стартаптарды жана инновациялык компанияларды өнүктүрүүгө, жеке капиталды келечектүү долбоорлорго тартууга түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.
Кянан Джалилов Кыргыз Республикасында, анын ичинде «Асман» экологиялык шаарын өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар консультацияларды улантып, кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңири иштеп чыгууну макулдашты.







