Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев түштүк кореялык “Green Page” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында иштетилген машина жана өндүрүш майларын кайра иштетүү боюнча завод куруу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. “Green Page” компаниясынын башкы директору Ким Ки Пунг белгилегендей компания колдонгон алдыңкы технология күнүнө 40 миң литрге жакын майды кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет, бул өндүрүштүн жогорку кубаттуулугун көрсөтөт. Улуттук агенттиктин жана “Green Page” компаниясынын өкүлдөрү бул долбоорду өнүктүрүүгө өз ара кызыгууларын билдиришти жана Кыргыз Республикасында майларды кайра иштетүү индустриясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жалпы түшүнүүгө келишти. Өндүрүш жана машина майларын кайра иштетүүчү завод аймакка экологиялык жана экономикалык пайда алып келерин, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзөрүн баса белгилей кетүү керек.
Улуттук агенттиктин директору У. Т. Темиралиев жалпы кубаттуулугу 50 МВт болгон “Күн Булагы” күн электр станциясы курулуп жаткан жер менен таанышты. Долбоор Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылууда. Долбоордун инвестициялык жалпы көлөмү 35 млн.АКШ долл. ашыкты түзөт. Долбоор “Күн Булагы”ЖЧКсы менен Казакстан Республикасындагы ЭКБ чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлордо (“Кенгир” КЭС, “Балхаш” КЭС, “Капчагай” КЭС ж.б.) инвестор катары иш алып барган казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул долбоор Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө биринчилерден болуп саналат. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички суроо-талапты жарым-жартылай жабууга өбөлгө түзөт. Буга чейин компания Тору-Айгыр айыл аймагындагы жалпы аянты 80 га жер тилкесин алуу боюнча конкурста жеңип чыккан. Бүгүнкү күндө инвестор тарабынан долбоордун ТЭНи иштелип чыкты жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”ААКдан алдын ала техникалык шарттар алынды. Ошондой эле “Күн Булагы” ЖЧК […]
Урматтуу ишкерлер! 2023-жылдын 27-июлундаЧолпон-Ата шаарынын Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” этномаданий борборунда “Ысык-Көл 2023” эл аралык экономикалык форуму өтөт. Форум Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү үчүн аянтча катары кызмат кылат, бул келечекте кызыктуу жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат. Иштин багыттары энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү болот. Делегациялардын кеңири курамын эске алуу менен атамекендик ишкерлер үчүн өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана бизнес сектордун өкүлдөрүнүн арасында ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк берилет. Буга байланыштуу кызыкдар ишкерлерди бул иш-чарага катышууга чакырабыз. Бардык кызыкдар суроолоруңуздар боюнча: 0312300232; +996222012000 телефон номерлери аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Катталууга шилтеме: https://forms.gle/PdDELyweruGC9uKUA
Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Форумга Сычуань провинциясынан 100 ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кириш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов С.С. иш-чаранын катышуучуларын экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле республика башчысы тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырды. «Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык жана мазмундуу деңгээлге көтөрүлгөнүн кубануу менен билдирем. Буга далил катары биздин мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен декларациясына кол коюусу саналат», – деди ал. С. Касмамбетов Кытай компанияларын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө чакырып, Кыргызстан менен Кытайдын жогорку саясий жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Провинциялык партия комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, Сычуань провинциясынын пропаганда министри Чжэн Ли “19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин” ишине […]
Бүгүн, 2023-жылы 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М. Жээналиевдин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ири логистикалык компанияларынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияларды тартуу жана коргоо жаатындагы маселелер талкууланды. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн зор потенциалга ээ экенин, ал азырынча толук ачыла электигин билдирди. Ал туризм, энергетика жана алтын өндүрүү тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. “Сиздерди потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду изилдөө үчүн Кыргызстанга келип, алдыда боло турган “Ысык-Көл – 2023 “эл аралык экономикалык форумуна катышууга чакырабыз”, – деп белгиледи Ж.Жээналиев. Ошол эле учурда Кыргызстан инвестиция тартууну талап кылган уникалдуу жерлерге ээ экенин дагы бир жолу баса белгиледи. КЭРден келген делегациянын башчысы Чжан Цянь айым Кытай Эл Республикасы кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорго, электркарларын кайра экспорттоого, бонд кампаларын курууга жана туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте директордун орун басары Ж.М. Жээналиевдин төрагалыгы алдында венчурдук каржылоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун 5-отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер венчурдук каржылоону киргизүүнүн эл аралык тажрыйбасын, анын ичинде коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан Венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун талкуулашты.
Бүгүн, 2023-жылдын 22-июнда КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев атайын ыйгарым укуктуу Элчи Хасан Али Зайгама менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Пакистандын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда соода байланыштарын жөнгө салуу үчүн байланыштар менен алмашышты. Элчи белгилегендей, Кыргызстан өз аймагына инвестиция салууга эң жагымдуу өлкө болуп саналат жана инвестицияларды коргоо жаатында жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. ИУАнын директору мамлекет тарабынан инвесторлорго көмөктөшүү жана колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ЭЭА механизмдерин өнүктүрүү жөнүндө дипломатиялык өкүлгө айтып берди. Тараптар ошондой эле Кыргызстанга инвестиция салуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. “Биз мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз. Биз атайын ыйгарым укуктуу Элчиге Кыргызстанга инвестиция салууга кызыгуусу жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деп белгиледи У.Темиралиев.
2023-жылдын 22-июнда Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Германиянын Экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлигинин Статс – катчысы Удо Филипп башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык делегациясы менен Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзанын Кыргыз Республикасына 2023-жылдын 21-июнунан 23-июнуна чейинки расмий сапарынын алкагында жолугушту. Жолугушууда учурдагы эки тараптуу экономикалык жана ишкердик кызматташтыкка, конкреттүү инвестициялык долбоорлорду сунуштоого тиешелүү бир катар маселелер талкууланды, ошондой эле жакынкы жана орто мөөнөттүү мезгилдерге пландар түзүлдү. Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга жана турукташтырууга, анын ичинде КР инвестициялык кодексин жана КР венчурдук инвестициялоо жөнүндө мыйзамын иштеп чыгууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө актуалдуу маалымат берилди. Өз кезегинде Удо Филипп мырза Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын көрүнүктүү ургалдуулугун белгилеп, ошондой эле Германия тарап Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече багыттар боюнча туруктуу […]
Ашхабадда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик уюштурган Кыргызстандын жанан Түркмөнстандын бизнес коомчулугунун, Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн арасында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда текстиль өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, тамак-аш өнөр жайы, IT-технологиялар жана нефтехимия сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарында иштеген 17 кыргыз компаниясы тааныштырылды. Түркмөн тараптан курулуш материалдарын өндүрүү, транспорт жана логистика, тамак-аш жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле IT-технологиялары менен алектенген 40 компаниянын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги темалары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселелери болду. Катышуучулар товардык номенклатураны жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн форматтарын кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкалып, биргелешкен ишти активдештирүүгө жана өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыктар экени айтылды. Жолугушуунун соңунда биргелешкен иштин ар кандай багыттары боюнча кызматташуу жөнүндө 20дан ашык меморандумга кол коюлду. Ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери ишкерликти […]
Рига шаарында (Латвия) жана Вильнюс шаарында (Литва) өткөрүлгөн Бизнес-форумдардын жыйынтыгы боюнча кургатылган жемиштерди жеткирүүгө «Sun Planet Organic» жана «Eskito» компаниялары менен «Sun Planet Organic» компаниясынын ортосунда контракт түзүлгөн. Мындан тышкары мультимодалдык Транскаспий коридорун өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен “Centriniani Azijos Projektai” (Литва) компаниясынын ортосунда Меморандумга кол коюлду. Бул документте эки өлкөнүн ишкерлерине товарларын жана кызматтарын сатууга көмөк көрсөтүү каралган. Белгилей кетсек Кыргыз Республикасына тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, ошондой эле логистикалык компаниялардан турган 10 компаниянын делегациясы келген. Бизнес-форумдардын алкагында Латвиянын, Литванын алдыңкы компаниялары, потенциалдуу өнөктөштөр, импорттоочулар жана дистрибьюторлор, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автоташуучулардын ассоциациялары, стивидордук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп өттү. Бизнес-форумдарды уюштуруу USAID Борбордук Азиядагы соода боюнча Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.