Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты.
Ишембиликтин алкагында кызматкерлер аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу иштерин жүргүзүштү.
Тазалыкты сактоо – жалпыбыздын милдетибиз. Ар бирибиздин салымыбыз таза жана көрктүү айлана-чөйрөнү түзүүгө маанилүү салым кошот.








