“Чакан ГЭС” ААК кызыкдар тараптарды “Кичи ГЭС Данги 13,5 МВт” МЖӨ долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат.
Долбоордун демилгечиси “Сателлит-2005” ААК.
Долбоор электр энергиясын туруктуу өндүрүүнү камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын түштүк региондорунда энергетикалык тартыштыкты азайтууга олуттуу салым кошууга жөндөмдүү заманбап кайра жаралуучу энергетика объектин түзүүгө багытталган.
Кубаттуулугу 13,6 МВт болгон “Данги” кичи ГЭСин куруу долбоорун Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы “Данги” участогунда ишке ашыруу пландалууда.
Бул МЖӨ долбоору боюнча квалификациялык суроо-талап менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот: ЗК
Конкурска катышуу үчүн сунуштарды берүү мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Конкурска жана долбоорду ишке ашырууга байланыштуу суроолор боюнча кызыкдар жактар Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна 0 (312) 300 176, ошондой эле “Чакан ГЭС” ААКсына 0 (312) 901 544 (кош. 2-54) телефондору аркылуу кайрыла алышат.

