Мазмунга өтүү
Кызыктар жактарды "Эл Аман" дарыкана тармагын өнүктүрүү" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча конкурска катышууга чакыруу
МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 8-октябрь 04:092 мүнөт окуу

Кызыктар жактарды "Эл Аман" дарыкана тармагын өнүктүрүү" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча конкурска катышууга чакыруу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы МЖӨ борбору жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы кызыкдар жактарды конкурска катышууга чакырат.

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы МЖӨ борбору жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы кызыкдар жактарды "Эл Аман" дарыкана тармагын өнүктүрүү" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат.

Долбоор калкты сапаттуу, коопсуз жана арзан баадагы дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу туруктуу мамлекеттик дарыкана тармагын түзүүнү карайт.

Долбоордун негизги максаты дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын зарыл ассортиментинин туруктуу болушун камсыз кылуучу заманбап жана натыйжалуу иштеген дарыкана инфраструктурасын өнүктүрүү, калкты дары-дармек менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын региондорунда дарыкана тармагын өнүктүрүү болуп саналат.

Долбоордун милдеттери

  • дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын бекитилген ассортиментинин туруктуу болушун камсыз кылуу;
  • натыйжалуу сатып алуулардын жана логистикалык процесстерди оптималдаштыруунун эсебинен калк үчүн дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын наркын төмөндөтүү;
  • дарыкана тармагынын финансылык туруктуулугун жана операциялык натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • кем чыгууларды, жоготууларды, эсептен чыгарууларды жана мөөнөтү өтүп кеткен товарлардын санын кыскартуу;
  • товардык запастардын айланышын жогорулатуу;
  • сатуу, сатып алуу, калдыктарды эсепке алуу жана акча каражаттарынын кыймылы процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу;
  • калкты тейлөөнүн сапатын жана ылдамдыгын жогорулатуу;
  • Кыргыз Республикасынын региондорунда заманбап дарыкана инфраструктурасын өнүктүрүү.

Долбоорду ишке ашыруу калк үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, аларды сатуу системасын өркүндөтүүгө, ошондой эле туруктуу жана натыйжалуу мамлекеттик дарыкана тармагын түзүүгө багытталган.

Бул МЖӨ долбоору боюнча квалификациялык суроо-талап жана конкурстук документтер менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: зк

Конкурска катышуу үчүн арыздарды берүү мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Конкурска жана долбоорду ишке ашырууга байланышкан маселелер боюнча кызыкдар жактар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" МИ 996 999 500 590 жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна 0 312 30 01 76 телефону аркылуу кайрыла алышат.

Бөлүшүү: