Мазмунга өтүү
Инвестициялык жана технологиялык кызматташуу маселелери Сеулда талкууланды

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 19-сентябрь 05:051 мүнөт окуу

Инвестициялык жана технологиялык кызматташуу маселелери Сеулда талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Корея Республикасынын Жасалма интеллект ассоциациясынын өкүлдөрү жана Корея Республикасы

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Корея Республикасынын Жасалма интеллект ассоциациясынын өкүлдөрү жана Корея Республикасынын алдыңкы технологиялык компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

«Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Кыргызстан рыногуна чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар болгон компанияларга зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө даярбыз»

Равшанбек Сабиров

Жолугушуунун жүрүшүндө Кореянын инвестицияларын Кыргызстанга тартуунун келечеги, технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле жасалма интеллект, санариптик чечимдер жана заманбап технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү улантуу, ошондой эле Кыргызстанга инвестиция тартуу жана алдыңкы кореялык технологияларды киргизүү боюнча келечектүү багыттарды кароо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү: