Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди.
Маекте ал Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономиканын өнүгүүсү, инвестицияларды тартуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Ошондой эле өлкөнүн өнүгүү келечеги жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө токтолду.





