Мазмунга өтүү
Түз эфир
Кыргыз-Өзбек бизнес-форумун өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө
Кыргыз-Өзбек бизнес-форумун өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө
Кыргыз-Өзбек бизнес-форумун өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 16-июль 11:541 мүнөт окуу11

Кыргыз-Өзбек бизнес-форумун өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешебаев менен жолугушту.

Жолугушууда 2026-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз-Өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Тараптар иш-чаранын уюштуруу маселелерин, анын ичинде ишкердик программанын мазмунун, катышуучулардын курамын, пленардык сессиялардын форматын жана B2B, B2G форматтарындагы жолугушууларды өткөрүүнү карап чыгышты.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, форумдун алкагында кол коюлуучу документтерди даярдоо, анын ичинде инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө, өнөр жай байланыштарын чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган меморандумдар жана башка эки тараптуу документтер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар форумду даярдоо боюнча мындан аркы ишти координациялоого макулдашышты.

Иш-чара эки өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу, жаңы ишкердик байланыштарды түзүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болот.

Бөлүшүү: