Мазмунга өтүү
Түз эфир
Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгы талкууланды
Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгы талкууланды
Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгы талкууланды
Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгы талкууланды
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 16-июль 10:342 мүнөт окуу11

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгы талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы инвестициялык кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин, Түштүк Кореянын инвестицияларын Кыргыз Республикасына тартуу маселелерин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тараптар Кыргыз Республикасында инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча укуктук механизмдерди, мамлекеттик кепилдиктерди жана инвестициялык ишмердүүлүктү колдоо чараларын талкуулашты. Равшанбек Сабиров корей тарапка инвесторлорду коштоо боюнча колдонулуп жаткан инструменттер, анын ичинде «бирдиктүү терезе» принциби тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн ачык-айкын шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.

Кыргызстан түштүк кореялык инвесторлор үчүн ачык жана заманбап технологияларды тартууга, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзгөн биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Равшанбек Сабиров

Өз кезегинде Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже корей тараптын Кыргызстан менен инвестициялык кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын кызматташтыгынын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: