Мазмунга өтүү
Түз эфир
CSCEC 5th Bureau компаниясы менен кызматташуу
CSCEC 5th Bureau компаниясы менен кызматташуу
CSCEC 5th Bureau компаниясы менен кызматташуу
CSCEC 5th Bureau компаниясы менен кызматташуу
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 15-июль 10:201 мүнөт окуу21

CSCEC 5th Bureau компаниясы менен кызматташуу

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 15-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар компаниянын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүн, учурдагы долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык- инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш жана инфраструктура тармагында заманбап технологияларга жана эл аралык тажрыйбага ээ болгон ири компанияларды тартуу өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди.

Ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде инвесторлорго зарыл колдоо көрсөтүүнү жана келечектүү демилгелерди комплекстүү коштоону улантары айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестицияларды тартууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди биргелешип илгерилетүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү: