Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түркия Республикасынын «TANFER» компаниясынын өкүлдөрү жана Түркия Республикасынын бокс федерациясынын вице-президенти, директорлор кеңешинин төрагасы Мехмет Танфер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасында инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестициялык долбоорлорду комплекстүү коштоп, инвесторлорго бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Биз өлкөнүн экономикасына реалдуу салым кошкон, заманбап технологияларды киргизген жана жаңы жумуш орундарын түзгөн долбоорлорду колдоого өзгөчө маани беребиз. Түркия Республикасы менен инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз.
— Равшанбек Сабиров
Өз кезегинде Түркия Республикасынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасында Улуттук биокоопсуздук программасын ишке ашыруу боюнча инвестициялык сунушту тааныштырышты.
Долбоордун жалпы наркы 116,3 млн АКШ долларын түзүп, түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну карайт. Аны ишке ашыруу алкагында 1 600гө чейин жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Ошондой эле долбоор үчүн зарыл болгон инфраструктураны куруу, жабдуу жана эксплуатациялоо чыгымдары толугу менен инвестордун өз каражаттарынын эсебинен каржыланары белгиленди.
Жолугушууда долбоордун техникалык жана уюштуруучулук аспектилери талкууланып, аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн компетенттүү мамлекеттик органдардын катышуусунда биргелешип кароо, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жана өз ара кызыкчылык жараткан долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашылды.






