Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Италия Республикасынын Тышкы соода агенттигинин (ITA) президенти Маттео Зоппас жана Италиянын айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр федерациясынын (FederUnacoma) президенти Мариятереза Маскио жетектеген делегация менен жолукту.
Иш-чарага ITAнын, FederUnacomaнын, Италиянын Казакстандагы элчилигинин жана Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулдугунун өкүлдөрү да катышты.
Тараптар Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын жана өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты. Өзгөчө айыл чарба техникаларын өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана эмерек өндүрүү, медицина, стоматология жана HoReCa тармактарына көңүл бурулду.
Мындан тышкары, италиялык өндүрүштөрдү Кыргызстандын эркин экономикалык аймактарында жайгаштыруу, ошондой эле Ысык-Көл облусунун жана «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Жыйынтыгында тараптар инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө жана италиялык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы иш-чараларды уюштуруу боюнча кызматташууну улантууну макулдашышты.






