Skip to main content
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 29-июнь 10:401 мүнөт окуу9

Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) башкы директорлорунун катышуусунда кеңешме болуп өттү.

Жолугушууда алардын ишмердүүлүгү, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Катышуучулар практикалык тажрыйба менен бөлүшүп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, резиденттерди тартууда жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө келип чыккан негизги маселелерди карашты.

Мыйзамдарды өркүндөтүү демилгелери өзгөчө талкууланып, ЭЭАнын натыйжалуулугун жогорулатуу, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатын көздөй турганы белгиленди.

Жыйынтыгында ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону улантуу жана Улуттук агенттик менен ЭЭАнын дирекцияларынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо тууралуу макулдашуулар болду.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууну жана эркин экономикалык аймактардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүүнү көздөгөн системалуу ишин улантат.

Бөлүшүү: