Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Ош шаарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизминин негизинде ишке ашырылып жаткан бир катар объектилерге барды.
Иш сапарынын жүрүшүндө ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында курулуп жаткан Ош облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Долбоор учурдагы мамлекеттик жана санитардык талаптарга жооп берген заманбап беш кабаттуу административдик имаратты курууну карайт. Аны ишке ашыруу кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана калкка сапаттуу юридикалык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.
Долбоордун мамлекеттик өнөктөшү болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, ал эми жеке өнөктөшү болуп «Капитал Строй Инвест» ЖЧКсы саналат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга 2024-жылдын 18-мартында 47 жылдык мөөнөткө кол коюлган. Инвестициянын жалпы көлөмү 228 млн сомду түзөт.
Учурда объект активдүү курулуш баскычында турат. Имараттын үчүнчү жана төртүнчү кабаттарынын курулушу аяктап, иштер улантылууда. Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылга пландалган.
Ошондой эле Равшанбек Сабиров Ош шаарындагы «Дельфин» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында заманбап фитнес-борборду куруу жана бассейнди реконструкциялоо боюнча МЖӨ долбоорунун алкагында түзүлгөн «Булак» спорттук-саламаттыкты чыңдоо комплексине барды.
Долбоор Ош шаарынын мэриясы жана «Дем-Ал» ден соолукту чыңдоо комплекси» ЖЧКсынын катышуусунда ишке ашырылган. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга 2024-жылдын 19-июлунда 25 жылдык мөөнөткө кол коюлган. Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 95 млн сомду түзгөн.
Спорттук-саламаттыкты чыңдоо комплекси 2025-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген. Долбоор спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга, дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле Ош шаарынын жана ага жакын жайгашкан райондордун тургундары үчүн спорттук объектилердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору инвестицияларды тартуунун жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүү инструменттеринин бири. Бүгүн биз спорт тармагында жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мындай кызматташуунун конкреттүү жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Улуттук агенттик жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкө аймактарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди мындан ары да колдоону улантат.
— Равшанбек Сабиров
Объектилерди кыдыруунун жыйынтыгында долбоорлорду ишке ашыруунун кийинки этаптары, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана аймактык инфраструктураны өнүктүрүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.










