Бүгүн, 10-июнда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан «Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүүсү» аталышындагы семинар өткөрүлдү.
Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев сөз сүйлөштү.
Иш-чара инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, аймактык долбоорлорду колдоого, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүүгө багытталды.
Өз сөзүндө Равшанбек Сабиров аймактардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү Улуттук агенттиктин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Ош облусу экономикалык, өнөр жай жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири аймактардын бири болуп саналат. Биздин максат жергиликтүү бизнес менен тыгыз кызматташуу аркылуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуу. Мындай жолугушуулар көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, аларды чечүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
— Равшанбек Сабиров
Семинардын жүрүшүндө инвестициялык климат, «бирдиктүү терезе» механизми, АИС «Инвестиции» системасы, инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары жана кепилдиктер тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвесторлордун кайрылууларын кароо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бизнес-коомчулук, тармактык мекемелер жана эл аралык өнөктөштөр катышты.
Жыйынтыгында инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусун чыңдоо жана аймакка инвестицияларды тартуу боюнча сунуштар айтылды.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөнүн бардык аймактарында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат. Ушундай эле форматтагы жолугушуулар жана семинарлар башка облустарда да өткөрүлөт.
















