Skip to main content
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүштү

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 9-июнь 15:501 мүнөт окуу64

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүштү

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Баткен жана Ош облустарындагы объектилерге барышты.

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Иш сапардын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарындагы «Асыл холдинг» ЖЧКсынын кургак курулуш аралашмаларын өндүрүү боюнча долбоору менен таанышышты. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 60–70 тоннага чейин продукция чыгарууга эсептелген.

Ошондой эле Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Ноокат районунун Алмалык айылындагы «Чыгыш курулуш материалдары» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан кыш заводунун курулуш долбоорунун жүрүшү менен таанышышты. Ишкананы жайгаштыруу үчүн өнөр жай багытындагы жерлер категориясына өткөрүлгөн 9 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Түз инвестициялардын жалпы көлөмү 6,5 млн АКШ долларын түзүп, жеке инвесторлор тарабынан каржыланууда.

Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 20–30 миллион даана кыш өндүрүүгө ылайыкталган. Учурда негизги жабдуулар толугу менен жеткирилип, монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Кыш бышыруучу мештин курулушу аяктаган.

Объектилерди кыдыруунун жыйынтыгында аталган долбоорлордун ишке ашырылышы аймактын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Бөлүшүү: