Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөштү тандап алуунун жеңүүчүсү аныкталды.
Долбоордо айкалыштырылган цикл технологияларын колдонуу жана эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берген заманбап зыяндуу заттарды чыгарууну тазалоо тутумдарын орнотуу менен, белгиленген кубаттуулукту баштапкы этапта 10-20 МВттан келечекте 200 МВтка чейин этап-этабы менен өнүктүрүүнү камтыган заманбап жылуулук электр станциясын түзүү каралган.
Энергетикалык жана санариптик инфраструктураны интеграциялоо долбоордун негизги өзгөчөлүгү болуп саналат, ага маалыматтарды иштеп чыгуу борборун (дата-борборду), жогорку технологиялык диспетчердик жана мониторинг борборун, ошондой эле комплекстин туруктуу иштешин камсыз кылуучу инженердик жана логистикалык объекттерди жайгаштыруу кирет.
Мамлекеттик өнөктөш катары Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы, ал эми долбоордун демилгечиси, объектти куруу, эксплуатациялоо жана башкаруу жоопкерчилигин өзүнө алган чет өлкөлүк инвестициялары бар «Вольт Хаш Кей Джи» ЖЧК жеке компаниясы.
Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга, аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга багытталган.
Долбоордо ошондой эле энергия өндүрүүнү мониторингдөө жана башкаруу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле кубаттуулуктарды жана санариптик кызматтарды андан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралган.


