Skip to main content
Түз эфир
Аквакультура жана заманбап технологияларды киргизүү жаатында кызматташуу келечеги талкууланды
Аквакультура жана заманбап технологияларды киргизүү жаатында кызматташуу келечеги талкууланды
Аквакультура жана заманбап технологияларды киргизүү жаатында кызматташуу келечеги талкууланды
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 19-май 10:372 мүнөт окуу16

Аквакультура жана заманбап технологияларды киргизүү жаатында кызматташуу келечеги талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте чет элдик инвесторлор менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда компаниянын ишмердүүлүгү, эл аралык жеткирүү географиясы жана аквакультура тармагында заманбап технологияларды колдонуу тажрыйбасы тууралуу маалыматтар берилди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты Кыргыз Республикасынын аймагында аквакультура тармагындагы кызматташуу келечегине багытталды. Чет элдик өнөктөштөр Кыргызстанда осетр балыгын өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле заманбап балык чарбаларын өнүктүрүү үчүн өлкөнүн инвестициялык потенциалын изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Кыргыз Республикасы кайра иштетүү өнөр жайына жана агрардык секторго, анын ичинде аквакультураны өнүктүрүүгө инвестиция тартууга кызыкдар. Өлкө заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду колдойт.

Равшанбек Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы

Тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйба алмашууну жана аквакультура тармагына заманбап технологияларды киргизүүнү талкуулашты. Бул Кыргызстандын балык чарбасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук потенциалды жогорулатууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча диалогду улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү: