Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директор Хон Дуён, Алматы филиалынын директору Ким Джунг-хун, ошондой эле КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директордун орун басары Йе Гван Хо катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле кореялык компаниялар жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын, ошондой эле инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун тааныштырышты.
Өз кезегинде Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен кызматташууну чыңдоого, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Түштүк Кореянын бизнес-коомчулугу арасында илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.




