Skip to main content
Түз эфир
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жарандар жана бизнес-коомчулук менен өз ара байланышты күчөтүүдө
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жарандар жана бизнес-коомчулук менен өз ара байланышты күчөтүүдө
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 13-май 08:182 мүнөт окуу10

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жарандар жана бизнес-коомчулук менен өз ара байланышты күчөтүүдө

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жарлыгын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылууга, аткаруу тартибин чыңдоого, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле жарандар жана бизнес өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жарандар жана бизнес өкүлдөрү менен туруктуу негизде жолугушууларды өткөрүп турат. Аталган жолугушуулар мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде уюштурулуп, аймактардагы инвестициялык демилгелерди талкуулоого, ошондой эле актуалдуу маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган.

Өз ыйгарым укуктарынын алкагында Улуттук агенттик жарандардын сунуштарын, арыздарын жана кайрылууларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карап чыгып, тиешелүү чараларды көрөт. Электрондук кайрылуулар дагы белгиленген тартипте кабыл алынып жана каралат.

Жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп кайтаруу максатында Улуттук агенттикте жетекчилик тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген, ошондой эле 300367 «ишеним телефону» иштейт. Мындан тышкары, калк менен өз ара байланышты чыңдоо максатында Коомдук кабылдама туруктуу негизде иш алып барат.

Ошондой эле жарандардын пикирлерин жана сунуштарын ыкчам чогултуу максатында Улуттук агенттик «Сын-пикирлер» автоматташтырылган маалыматтык системасына кошулган жана атайын QR-код орнотулган. Бул система аркылуу жарандар өз сунуштарын калтырып, ведомствонун ишмердүүлүгүнө баа бере алышат.

Улуттук агенттикте аткаруу тартибин бекемдөө жана кызматтык жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлөт. Документтерди аткаруу мөөнөттөрүн бузуу фактылары боюнча кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы менен тиешелүү тартиптик чаралар колдонулат.

Бөлүшүү: