Skip to main content
Түз эфир
Кыргызстандын ЭКСПО 2025 көргөзмөсүндөгү жеңишине салым кошкон искусство ишмерлери сыйланды

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 24-апрель 10:131 мүнөт окуу28

Кыргызстандын ЭКСПО 2025 көргөзмөсүндөгү жеңишине салым кошкон искусство ишмерлери сыйланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ЭКСПО 2025 эл аралык көргөзмөсүндө алтын сыйлык алууга олуттуу салым кошкон искусство ишмерлерин сыйлашты.

Сыйлангандардын катарында дизайнерлер, колдонмо искусствонун чеберлери, кол өнөрчүлөр жана графикалык дизайнерлер бар. Алардын эмгектери Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык аренада татыктуу таанытты. Алардын чыгармачылыгы өлкөнүн өзгөчөлүгүн, салттарын жана заманбап көркөм ой жүгүртүүсүн даана чагылдырды.

Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өз сөзүндө катышуучуларга талыкпас эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги үчүн чын ыкластуу ыраазычылык билдирди. Ал алардын улуттук маданиятты сактоодогу жана жайылтуу багытындагы салымынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, дал ушундай чеберлер Кыргызстандын дүйнөдөгү маданий жүзүн калыптандырарын баса белгиледи.

Бөлүшүү: