Skip to main content
Түз эфир
Улуттук агенттик Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммит-2026га катышты
Улуттук агенттик Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммит-2026га катышты
Улуттук агенттик Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммит-2026га катышты
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 23-апрель 10:321 мүнөт окуу9

Улуттук агенттик Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммит-2026га катышты

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан 2026-жылдагы Регионалдык экологиялык саммитке катышууда.

Саммит Борбор Азия өлкөлөрүн экологиялык маселелерди чечүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү жана «жашыл» долбоорлорго инвестиция тартуу багытында бириктирген жогорку деңгээлдеги эл аралык аянтча болуп саналат.

2026-жылдын 23-апрелинде Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев «Борбор Азиянын жашылга өтүүсү» аталышындагы жашыл инвестициялык форумунда баяндама жасады.

Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасында өнөр жайды экологиялаштыруу маселелерине токтолуп, ишканаларды модернизациялоонун практикалык механизмдерин киргизүү зарылдыгын белгиледи. Айрыкча, эң мыкты жеткиликтүү технологияларды (ЭЖТ) колдонуу негизги багыттардын бири катары баса белгиледи.

Ошондой эле Жалын Жээналиев экологиялык жүктү азайтууга жана өнөр жай секторунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар артыкчылыктуу демилгелерге токтолду.

Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнөн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, бизнес жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн кошкондо болжол менен 1500 делегат катышууда.

Бөлүшүү: