Skip to main content
Түз эфир
Измир шаарындагы иш-сапар
ЖАҢЫЛЫК
2022-ж., 4-февраль 06:302 мүнөт окуу0

Измир шаарындагы иш-сапар

Түркиянын энергетикалык өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын чакыруусу менен Түркия Республикасынын Измир шаарында иш сапарында жүргөн Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а Н.М. Баясов Измир эркин экономикалык аймагынын шамал жана күн станцияларын өндүргөн ир…

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Түркиянын энергетикалык өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын чакыруусу менен Түркия Республикасынын Измир шаарында иш сапарында жүргөн Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а Н.М. Баясов Измир эркин экономикалык аймагынын шамал жана күн станцияларын өндүргөн ири компанияларында болду.

Министрдин милдетин аткаруучу Н.М. Баясов ишкерлерге Кыргызстандын шамал жана күн энергиясынын потенциалы боюнча маалымат берип, компанияларды өлкөгө инвестиция салууга чакырды.

Өз кезегинде түрк өндүрүшчүлөрү Кыргызстан менен тыгыз кызматташтыкты жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө ар кандай колдоону берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Эскерте кетсек Измир аймагы Түркиянын күн жана шамал станцияларын өндүргөн жана аталган станциялардын эң көп жайгашкан аймагы болуп саналат.

—————————————————-

По приглашению Турецкой ассоциации производителей энергии и предпринимателей, и. о. Министра инвестиций Кыргызской Республики Н.М. Баясов посетил крупнейшие ветряные и солнечные энергетические компании в свободной экономической зоне в г.Измир.

И.о. министра Н.М. Баясов проинформировал предпринимателей о потенциале ветровой и солнечной энергетики Кыргызской Республики и призвал компании инвестировать в страну.

В свою очередь, турецкие производители выразили готовность тесно сотрудничать с Кыргызской Республикой и оказывать любую поддержку развитию зеленой энергетики.

Следует отметить, что Измир является крупнейшим производителем солнечных и ветряных электростанций в Турции.

Бөлүшүү: