Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Дүйнөлүк банктын тобунун өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууга Инвестицияларды кепилдөө боюнча көп тараптуу агенттиктин (MIGA) бизнести өнүктүрүү боюнча улук адиси Джейёнг Джин жана Дүйнөлүк банктын улук экономисти Ильяс Сарсенов катышты.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын тобунун ортосунда инвестициялык кепилдиктер жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде MIGA жана PBG инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Инвестициялык ишмердүүлүктү колдоо, долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана жеке капиталга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында бул инструменттерди практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Аларды колдонуу инвестициялык тобокелдиктерди азайтууга, долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле каржылоону жана жеке капиталды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык кепилдик механизмдерин өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасына жеке инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча конструктивдүү диалогду жана биргелешкен ишти улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.



