«Кыргызстан үчүн мындай долбоорду ишке ашыруу ата мекендик фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана ички рыноктун дары-дармек менен камсыз болушун жогорулатуу үчүн практикалык мааниге ээ. Биз жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле өлкөнүн экспорттук потенциалын калыптандырууга багытталган долбоорлорго инвестиция тартууга кызыкдарбыз»
— Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров
Сунушталган концепцияга ылайык, долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын дары-дармек менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээлин 4%дан 25–30%га чейин жогорулатууга, болжол менен 2 500–3 000 түз жумуш ордун жана 10 миңден ашык кыйыр жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле долбоор фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө жана продукцияны Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин рынокторуна экспорттоону кеңейтүүгө багытталат.
Меморандумга кол коюу фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун дары-дармек менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.







