Мазмунга өтүү
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эркин экономикалык аймактардын 2026-жылдын тогуз айындагы ишинин жыйынтыктарын талкуулады

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 26-октябрь 11:171 мүнөт окуу

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эркин экономикалык аймактардын 2026-жылдын тогуз айындагы ишинин жыйынтыктарын талкуулады

Бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана эркин экономикалык аймактарда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле ЭЭАнын ишмердүүлүгүндө жаралып жаткан актуалдуу маселелер жана ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар каралды. Аймактардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, учурдагы тоскоолдуктарды жоюу жана жаңы өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында эркин экономикалык аймактардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартуу боюнча ишти күчөтүүгө багытталган мындан аркы милдеттер аныкталды.

Бөлүшүү: