Мазмунга өтүү
МЖӨ борбору кореялык компаниялар менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 23-сентябрь 04:111 мүнөт окуу

МЖӨ борбору кореялык компаниялар менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

Сеул шаарында өткөн Биринчи Корея - Борбордук Азия бизнес-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөшт

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Сеул шаарында өткөн Биринчи Корея - Борбордук Азия бизнес-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Кореянын чет өлкөлөрдөгү инфраструктураны, шаарларды өнүктүрүү корпорациясы (KIND) жана Кореянын алдыңкы компанияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум ELLAB, The Young Medi, VICHE, TG жана Exciting Republic компанияларынын катышуусунда Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун даярдоо жана ишке ашырууга негиз түзөт. Кызматташтык санариптик медицина жана саламаттык сактоо, агроөнөр жай жана кайра иштетүү, жасалма интеллект жана санариптештирүү, ошондой эле креативдүү индустрия жана XR-технологиялар багыттарын камтыйт.

Анын алкагында санариптик медицина технологияларын киргизүү, диагностикалык жана мобилдик медициналык комплекстерди түзүү, Smart Farm технологияларын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, жасалма интеллект жана санариптештирүү жаатындагы чечимдерди ишке киргизүү, ошондой эле XR-технологияларды колдонуу менен интерактивдүү борборлорду түзүү боюнча долбоорлор каралууда.

Жетишилген макулдашуулар МЖӨ механизмдери аркылуу кореялык инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Бөлүшүү: